Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты № XXVI-9
Ноокат шаарынын "Суу-канал" ишканасынын турак жайларында суу-чоргосу бар абоненттерине суу-эсептегич(водомер) орнотуусу жөнүндө.
Ноокат шаарынын калкын ичимдик суу менен толук жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн, ичимдик сууну үнөмдүү пайдалануу жана Ноокат шаарынын "Суу-канал" ишканасынын турак жайларында суу-чоргосу бар абоненттерине суу-эсептегич (водомер) орнотуу максатында Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында талкуулап, карап чыгып берген сунуштарына негиз Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүдөгү мыйзамдын IV кысымынын 31 беренесине ылайык Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын "Суу-канал" ишканасынын турак жайларында суу-чоргосу бар абоненттерине суу-эсептегичи (водомер) абоненттердин өз эсебинен орнотулсун.
2. Ноокат шаарынын "Суу-канал" ишканасынын турак-жайларында суу-чоргосу бар абоненттерине суу-эсептегичтерди (водомер) орнотууга каршы болгон атуулдардын үйдөгү суу чоргосун, борбордук суу түтүктөрүнөн үзүүнү Ноокат суу канал ишканасынын башчысы З.Камаловко тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, комуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|