Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-июну №XXVII-1
Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы социалдык иштер, мектептер,балдар бакчалары.спорттук жана жарандардын социалдык корголушу жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы социалдык иштер, мектептер, балдар бакчалары.спорттук жана жарандардын социалдык корголушу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин (II-шайланган) кезектеги XXVII сессиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы Социалдык иштер: мектептер, балдар бакчалары, спорттук жана жарандардын социалдык корголушу жөнүндө мэриянын социалдык иштер боюнча сектор башчысы С.Шерматованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Шаардын аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугунун корголушунда иш аракеттерди жүргүзүү, мектептердин, балдар бакчаларынын, спорттук мекемелердин материалдык базасына каражаттарды табуу, кредиттик компьютерлер менен жабдуу, жаш мугалимдерди материладык жактан колдоо менен спорттук маданий массалык иштерди мындан ары жогорку денгээлге көтөрүү үчүн иш чараларды көрүү мэриянын администрациясына , социалдык секторго жана финансы экономикалык бөлүмгө тапшырылсын.
3. Шаардын аймагындагы социалдык коргоого муктаж жарандарды изилдөө менен алардын статусуна ылайык материладык жарандарды көрсөтүү, аларга бардар үй-бүлөлөрдү, КПРлорду, мекеме- уюмдарды тартуу, эл аралык уюмдар менен иштөөнү улантуу мэриянын социалдык секторуна тапшырылсын.
4. Жарандардын арасында социалдык оорулардан сактануу жөнүндө түшүндүрүү иштерин врачтар менен бирдикте иш чараларды өткөрүү, оорунун жайылып кетпөөсүн, таза адамдарга жугуп калбоо шарттарын көрүү, шаардык мэриянын социалдык сектор башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|