Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-июну №XXVII-3
Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын тургундарынын жолду ондойбуз деген демилгеси жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдү ондоо боюнча бир топ аракеттер болуп жатат. Ар жылы көчөлөргө асфальт бастырууга шаардын тургундары тарабынан жакшы көңүл бурулуп, өз ара акча топтошуп, колунда бар ишкерлер демөөрчүлүк кылып, жардамдардарын берип жатышат.
Бүгүнкү күндө Барын жана Аэропорт айылынын жашоочулары тарабынан 2704.0 миң сом акча каражаты жолго асфальт бастырууга жыйнашкан. Элдин жолду ондойбуз деген демилгесин, Ноокат шаардык Кеңешинин депутаттары да толугу менен колдошот.
Ошондуктан, элдин жолду ондойбуз деген демилгесин турмушка ашыруу үчүн Ноокат шаардык мэриясынын 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен шагал төгүү, жолдорго асфальт бастыруу үчүн 2600,0 миң сом акча ажыратып берилсин.
3. Ноокат шаарынын аймагындагы Р.Юлдашов атындагы көчөсүнө Ноокат шаардык мэриясынын 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен шагал төгүү, жолдорго асфальт бастыруу үчүн 1000.0 миң сом акча ажыратып берилсин.
4. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Лутфуллаев атындагы көчөсүнө,Ноокат шаардык мэриясынын 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен шагал төгүү, жолдорго асфальт бастыруу үчүн 800.0 миң сом акча ажыратып берилсин.
5. Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдөгү чункурларды ремонт кылуу үчүн 100,0 миң сом акча Ноокат шаарынын мэриясыны 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
6. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдубаитов атындагы орто мектебинин айлана-чөйрөсүн тосмолоого жетпей калган 156,4 миң сом акча Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
7. Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасында жайгашкан ФАПтын айлана-чөйрөсүн тосмолоого жетпей калган 248,7 миң сом акча Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
8. Ноокат шаарынын аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн 4,2 миң сом акча Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
9. Ноокат шаарынын аймагындагы Муниципалдык менчик башкармасы ишканасынын аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн 48.8 миң сом акча Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
10. Ноокат шаарынын аймагындагы мектептердин кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн 47.6 миң сом акча жана соц.фонд үчүн 16.1 миңсом акча бардыгы болуп 63.7 миң сом акчаны Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилисин.
11. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы А.Абдубаитов атындагы орто мектебин Ош областтык турак жай коммуникалдык чарба ишканаларынын биримдиги тарабынан 2011-2012-жыл үчүн жылутуу мезгилинде кыштын оор келгендигинен түзүлгөн келишимден ашыкча жылуулук бергендиктен 232.3 миң сом акча Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилисин.
12. Ноокат шаардык мэриясында техникалык кароо (тех.надзор) кызматы үчүн 100.0 миң сом акча Ноокат шаарынын мэриясынын 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилисин.
13. Ажыратылган 4848,7 миң сом акча каражаты ЖКХ Субсидя статьясына ажыратылсын .
14. Ажыратылган акча каражаты Ноокат Коммунальщик аукционердик коомунун эсебине которулуп берилсин, которулган акча каражатын ез максатында натыйжалуу пайдалануу аукционердик коомдун жетекчиси Б.Омурзаковго тапшырылсын .
15. Ажыратылган акча каражатын Ноокат Коммунальщик аукционердик коомунун эсеп счетуна которуп берүү жагы, Ноокат шаардык мэриясынын башкы эсепчиси А.Токоевке тапшырылсын.
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы билим беруу , саламатыкты сактоо, бюджет, экономика, финансалык маселелер жанаөнөржай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|