Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-июну №XXVII-4
Ноокат шаарынын мэриясынын эсеп счетуна 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын мэриясынын атайын эсеп счетуна 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан бөбөктөргө тамак -аш сатып алуу үчүн 78,5 миң сом Ноокат шаарынын мэриясынын атайын эсеп счетуна 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|