Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-июну №XXVII-6
Ноокат шаардык Кеңешинин 2013-2015-жылдын бюджетинин долбоору жөнүндө
Ноокат шаардык Кеңешинин 2013-2015-жыл үчүн иштеп чыгылган бюджеттин долбоорун шаардык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын, элден түшкөн сын-сунуштардын негизинде туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Ноокат шаардык Кеңешинин бюджетинин долбоору кирешелери жана чыгашалары боюнча 62496,3 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. 2014-2015-жылдарга Ноокат шаардык Кеңешинин бюджетинин долбоору кирешелери жана чыгашалары боюнча 63446,3 миң сом эсебинде бектилсин.
3. Элден түшкөн сын- сунуштарды эске алып 2013-2015-жылга Ноокат шаардык Кеңешинин бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү боюнча түзөтүүлөрдүн негизинде бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|