Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-апрели №39/2
Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча С.Жакыповдун жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер көчкүлөрдүн, суу ташкындарынын, сел каптоолордун алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар күчөтүлсүн. Жер көчкү коркунучу бар участокторго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы С.Жакыповго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жер жана агрардык маселелер, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |