Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-июну №XXVII-7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде Ноокат шаардык башкаруусунан, Ноокат шаар мэриясы статусуна, Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамын жетекчиликке алып жана талкуулап, Депутаттардын Ноокат шаардык Кенешинин (И-шайланган) кезектеги XXVII сессиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде Ноокат шаардык башкаруусу юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөрүлсүн жана төмөнкүдөй аталышта аталсын.
Мамлекеттик тилде : Ноокат шаар мэриясы
Расмий тилде : Мэрия города Ноокат
2. Ноокат шаар мэриясынын жаңы иштелип чыккан уставы бекитилсин.
3. Ноокат шаар мэриясынын юридикалык адреси : Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, Мирмахмудов көчөсү № 20 үй.
4. Ноокат шаар мэриясынын документтерин, Ош облусунун жана Ошшаарынын Юститция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүү жагы Ноокат шаарынын мэри Тешебаев Махамадхахид Закиржановичке (паспорт сериясыА№ 2456498 2011-жылдын 8-июлунда ИИМ 50-40 тарабынан берилген. Жашаган жери Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, Аэропорт көчөсү №16 уй) жүктөлсүн.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылганы ырасталат.
5. Б.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|