Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июлу №XXVIII-1
"Ноокат таңы" газетасынын редактору Р.Мамановтун етүнүч каты жөнүндө
"Ноокат таңы" газетасынын редактору Р.Мамановтун 2012-жылдын 6-июлундагы "Ноокат таңы" газетасынын редакциясы өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн гезит басып чыгаруучу машинага, редакциянын балансында турган бош жердин бир бөлүгүн жеке ишкер Өсөров Зиябидин Абдилпаттаевич менен алмаштыруу (бартер) жөнүндөгү" №9 катына депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын ушул маселе боюнча берген тактамасынын негизинде депуттатардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ноокат таңы" газетасынын редактору Р.Мамановтун 2012-жылдын 6-июлундагы №9 билдирүү катына Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4 беренесинин 2- пункуту жана 9-беренесине ылайык аталган жер мамлекеттин менчиги болуп катталгандыгы үчүн бартер кылууга жана алмаштырууга жатпайт деп жазылган. Макулдук берүү боюнча мыйзамга ылайык Ноокат шаардык Кеңешинин укуктары болбогондугуна байланыштуу редакциянын уставында көрсөтүлгөндөй мыйзамдуу жолдор менен жогорудагы маселени чечүү жагы тиешелүү мамлекеттик органдарга сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун көчүрмөсү маалымат катары "Ноокат таңы" редакциясына жана депутаттардын Ноокат райондук Кеңешине берилсин.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|