Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июлу №XXVIII-2
Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү жөнүндө
Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кошумча кирешелерди жана бюджеттик аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн сумманы пайдалануу тартиби боюнча Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" 2003-жылдын 23-сентябрындагы №215 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгашасы 2500,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. Ажыратылган акча каражаты А.Лутфуллаев атындагы көчөнү асфальттоо үчүн Ноокат шаардык мэриясынын 2012-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 2500,0 миң сом акча каражаты субсидия статьясына ажыратылып берилсин.
3. Ушул ажратылган акча каражатын мыйзамдуу иштетүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы билим берүү , саламатыкты сактоо, бюджет, экономика, финансалык маселелер жана өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|