Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июлу №XXVIII-3
Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы Тапвалдиев көчө комитетинин "Жамаат үйүнө" Ноокат шаардык мэриясынын 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен Субсидия статьясына каралган акча каражатынын эсебинен иштетүү жөнүндө
2012-жылдын 17-июлунда Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы Тапвалдиев атындагы көчө комитетинин тургундары Тапвалдиев атындагы көчө жамаатын түзүшкөн. Анын негизинде жаштар жана жалпы жамаат менен тарбиялык иштер жүргүзүп, жамааттын жардамы менен 250 000 сом каражат жумшап, жамаат үйүн бүтүрүшкөн. Бирок, азыркы мезгилде аткарылган жумуштарга акча жетишпей калгандыгы үчүн 75000 сом акча каражатын сурап, кайрылышкан. Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен Субсидия статьясына каралган акча каражатынан иштетүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен Субсидия статьясына каралган акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын мэриясындагы көчө комитеттеринин кабинеттерине инвентарь сатып алуу үчүн 50,0 миң сом жана Тапвалдиев көчө комитетинин "Жамаат үйүн" ремонттоо үчүн 75,0 миң сом жалпысы болуп 125,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы көчөлөрдү түнкү мезгилде жарык менен камсыз кылуу үчүн проекттин негизинде кылынган иштин көлөмүнө жетпей калган акча-каражаты Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен Субсидия статьясына каралган акча каражатынын эсебинен136,1 мин сом акча каражаты ажыратып берилсин.
3. Ноокат шаарынын борборундагы айлампага монумент куруу боюнча Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен Субсидия статьясына каралган акча каражатынын эсебинен 1000,0 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.
4. Ушул ажыратылган акча каражатын мыйзамдуу иштетүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБне тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы билим берүү , саламатыкты сактоо, бюджет, экономика, финансалык маселелер жана өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|