Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июлу №XXVIII-4
Ноокат шаарынын вице-мэри Д.Тажибаевтин К.Жакыпов көчөсүнөн унаа өтүүчү жол ачуу боюнча 2012-жылдын 17-июлундагы №293 сураныч каты жөнүндө
2012-жылдын 17-июлунда депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинын төрайымы Б.Калдарованын атына К.Жакыпов көчөсүнүн тургундары, Курманжан Датка балдар бакчасынын жамаатынан арыз жана Ноокат шаарынын вице-мери Д.Тажибаевден К.Жакыпов көчөсүнө унаа өтүүчү жол ачып берүү үчүн кат жазылган. Каттагы жазылган жана көтөрүлгөн маселени жеринде барып көрүү үчүн шаардын депутаттары, Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын өкүлү, Ноокат райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнүн өкүлү болуп Жакыпов көчөсүнө унаа өтүүчү жол ачып берүү үчүн барган мезгилде 2003-жылдагы карта боюнча ал жерде мурдатан бери 6 метр жол бар экендиги Ноокат райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын картасынан унаа өтүүчү жол бар экендиги тастыкталган. Мурда эки кош электр түркүгү дагы орнотулуп коюлган. Андыктан жогорудагы маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук электр тармактар ишканасына электр түркүгүн жылдырууга, ал эми КНИИПке өзгөртүү киргизүү үчүн Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасыны кайрылып, арызда жана каттарда көтөрүлгөн маселени чечуу жагын шаардык мэрияга тапшырат.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы билим берүү , саламатыкты сактоо, бюджет, экономика, финансалык маселелер жана өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|