Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июлу №XXVIII-7
Ноокат шаардык аймагындагы жеке менчик ветеринардык cервистерди колдоо жөнүндө
Ноокат шаардык аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистерди Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүп, 2012-жылдын 23-июлундагы №205 буйругунун негизинде гранттык каражаттарды жеке менчик ветеринар адистерге бөлүштүрүү жөнүндө шаар Кеңешинин депуттаттары сессияда талкуулап, төмөндөгү ветеринардык сервистерге берилүүсүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу жеке менчик «Максым» ветеринардык сервисинин башчысы А.Фатийдинго айыл чарба министрлиги тарабынан берилген гранттык каражат бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин атындагы билим берүү. саламаттыкты сактоо, бюджет, экономика, финансылык маселелер жана өнөр жай. курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|