Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июлу №XXVIII-6
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезексиз XXVIII сессиясынын III токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы Аэропорт көчөсүндө жашаган элдердин өтүнүч катын карап чыгып, депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы Аэропорт көчөсүндө жашаган элдердин билдирүүсүн карап чыгып, ушул көчөгө Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 23-июнундагы №XXVII сессиясынын №-3 токтому менен 2600,0 миң сом акча каражаты ажыратып берилген, бирок тендер өткөнгө чейин ушул көчөгө элдин суранычы боюнча ОсОО Ош асфальт бетон ишканасынын асфальт басууга өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан аларга ишенич көрсөтүлүп асфальттоо иштери бүтүрүлгөн. (Ош асфальттоо бетондун тийиштүү документтери тиркелет.) Басылган асфальтка кеткен акча каражаты бүгүнкү күндө карыз болуп турат. Ошого байланыштуу тендер өтпөй калгандыктан жогорудагыларды эске алып, ушул акча каражатын которуп берүү үчүн депутатардын макулдугу жана колдоосу керектигинен ушул ажыратылган акча каражатын которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы Аэропорт көчөсүнө тендер өткөрүлгөнгө чейин асфальт бастырылып коюлгандыгына байланыштуу Ноокат шаарынын тийиштүү адистери тиешелүү административдик жоопко тартылуусу эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, бюджет, экономика, финансалык маселелер жана өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|