Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-февралы № 27-5
Төөлөс айылдык округунун жайыт комитетинин төрагасынын билдирүүсү жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун жайыт комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Теөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теөлөс айылдык округунун жайыт комитетинин 2011-жылдарга аткарылган иштери канааттандырылсын жана 2012-жылга карата кабыл алынган бюджети бекитилсин.
2. Теөлөс айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3.2012-жылга карата бир айына, 1 баш кара мал га 10 сом', 1 баш музоого 5 сом, 1 баш жылкы, эшек 10 сом, 1 баш кой эчкилерге 3 сомдон болуп алынуучу салык наркы бекитилсин.
4.Айылдык округунун жер боюнча комиссиясынын жер тЪкталып жайыт комитетине өткөрүлүп берилген жайыт жана башка максаттарда
пайдаланылып жаткан 3706га жер жөнүдегү 2011-жылдын 288-июнундагы V №1-протоколу бекитилсин.
5. Айылдык округунун жер комиссиясы аркылуу 3706га жерге мониторинг жүргүзүү боюнча түзүлген атктары бекитилсин.
6.Төөлөс айылдык округунун аймагындагы ортолукта калган майда тилке жерлерди ошондой эле саз, шор, таштуу, кумдуу, жакшыртууну талап кьшган жерлерди мындан ары жакшыртып пайдалануу үчүн келишим менен сураган адамдарга берилсин.
7.2011-жылы АРИС жана жайыт комитета тарабынан 2011-жылы бүткөрүлгөн 3 көпүрөөгө түзүлгөн акты га негиз айылдык округунун балансасына еткөрүп берүү жөнүндөгү акттары бекитилсин.
8.Ушул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, онер жай кайра иштетүү энергетика боюнча » туруктуу комиссиясына тапшырылсып.
Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Эргешов |