Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №28-1
2011-жылдын башында бекичилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2011-ж.ж аткарылышы. Социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2012-ж.ж бекитүү жана 2013-2014-жылга болжолдуу пландары жөнүндө айылдык округунун башчысы А. Баймурзаеванын билдирүүсү
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын 2011-ж.ж аткарылышы. Социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2012-ж.ж бекитүү жана 2013-2014-жылга болжолдуу пландары жөнүндө айылдык округунун башчысы А. Баймурзаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Айылдык округунун экономист - статиста М. Калматовго:
- айылдык округунун аймагындагы калктын өнөр жай ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, токтоп турган жаш иштеп жаткан тегирмендерди туруктуу иштешин камсыз кылуу ошондой эле жаңы кичи мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү боюнча иш чараларды көрүү жагы.
Айылдык округунун чарбалык субъектилер менен биргеликте социалдык экономикалык өнүгүү багытында иш чаралар, пландары иштеп чыгуу.
3. Ноокат райондук электр тармактар иш канасынын Салиева участкалык бөлүмүнүн мастери Э. Токуровго:
- айылдык округундагы электро энергиядан болгон дебитордук карыздарды өндүрүүбоюнча айыл башчылар коомдук уюмдар менен биргеликте чечкиндүү иш аракеттерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Айылдык округунун ФЭБ башчысы А. Нурматовго:
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды жыйноо кошумча киреше булактарын табуу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу, Ноокат райондук статистика бөлүмүнөн каттоодон өткөрүп, салыка тартуу жана 2012-жылга салык жана салык эмес, социалдык төлөмдөрдүн болжолдонгон пландарын аткаруу боюнча катуу көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Айылдык округунун турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис М. Бакировго:
- 2012-жылдын түшүмү үчүн себилген күздүк кылкандуу дан эгиндеринен мол түшүм алуу максатында агротехникалык эрежелерди туура пайдаланып, жер семирткичтер менен убагында азыктандыруу боюнча дыйкан фермер чарбалардын жетекчилери менен биргеликте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Айылдык округундагы кайра бөлүштүрүү фондунан ижарага жер алып бүгүнкү күнгө чейин ижара акыларын төлөбөй жүргөн ижарачылар менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.
- айылдык округунун чарбалык субъектилер жана ижарачылар менен биргеликте 325 га шарттуу сулуу айдоо жерге 2 (эки) жыл мөөнөт ичинде бак көчөттөрүн отургузуу боюнча иш алып бару жагы жүктөлсүн.
6. Коомдук уюмдарга:
- айылдык округунда милициянын участкалык инспекторлору менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү, айылдар арасында каада салт, үрп адаттарды жайылтуу боюнча иш чаралар алып баруу тапшырылсын.
7. Аскердик кызмат жана паспорттук визалык иштер боюнча инспекторлоруна:
- жаштарды аскердик патриоттуулака тарбиялоо, аскердик кызматты өтөөлөрүн уюштуруу боюнча конкреттүү иш чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
8. Айылдык округуна инвестиция тартуу боюнча жооптуу кызматкери Д. Балтабаевге
- Айылдык округунун 2012-2014-жылдарга өнүгүү стратегиясы боюнча тиешелүү долбоорлорду иште чыгуу менен инвестицияларды тартуу багытында иш чараларын алып баруу жагы тапшырылсын.
9. Айылдык округунун вет инспектору А. Жамбиловго
- айылдык округунун эпозотиялык абалды турукташуу максатында бруцеллезго, сибирь жарасына, кутурмага каршы эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча иш чараларды убагында аткаруу жагы милдеттендирилсин.
10. Айылдык округунун жооптуу катчысынин милдетин аткаруучусу Н. Аширматовго :
- Жарандардын арыз даттанууларын өз убагында кароо, жогорку органдардын жана айылдык округунун токтом, буйруктарынын аткарылышы боюнча иштелген иш чаралардын айылдык округунун кызматкерлери тарабынан аткаруучулук жоопкерчиликтерин күчөтүү багытында иш алып баруу жагы тапшырылсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |