Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №28-2
Төөлөс айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн жылдагы аткарылышы, айылдык округунун жылга сметалык долбоорун, 2013-2014-жылга болжолун бекитүү жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2011-жылдагы аткарылышы айылдык округунун 2012-жылга сметалык долбоорун, 2013-2014-жылга болжолун бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун 2011-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 38578,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү38845,1 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Төөлөс айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 45586,6 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү45586,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Төөлөс айылдык округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 45692,4 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 45692,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Төөлөс айылдык округунун 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 45871,7 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 45871,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Айылдык округунун финансы экономика негиздерин чыңдоо алардын финансылык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарын максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айылдык округуна тапшырылсын.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |