Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №28-7
Төөлөс айылдык округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, жайыт жерлерге короо салуу арыздарын кароосу боюнча 2012-жылдын 3-мартындагы чыгуу № 7- билдирүүсү жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун Жайыт пайдалануучулар жайыт жерлерге короо салуу арыздарын кароосу боюнча 2012-жылдын 3-мартындагы чыгуу № 7-билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун Жайыт пайдалануучулар жайыт жерлерге короо салуу арыздарын кароосу боюнча 2012-жылдын 3-мартындагы чыгуу № 7- билдирүүсүндөгү жарандарга короо салуу үчүн жер ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төөлөс айылдык округунун Жайыт комитетине тапшырылсын.
3. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер суу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |