Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №28-9
Төөлөс айылдык округунун Меркит Муркут балдар бакчаларынын ата энелер жыйынынын протоколу жөнүндө
Меркит Муркут балдар бакчаларына караштуу көмүр канасын кайра балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндөгү Меркит Муркут балдар бакчасын энелер жыйынын протоколун угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун Меркит Муркут балдар бакчаларына караштуу көмүр канасын мыйзамдуулугун тактап, балдар бакчасынын пайдасына чечип берүү жагы Төөлөс айылдык округуна тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Айылдык кеңешинин «айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |