Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-апрели №29-1
«ЮКЦ» өнөр аянтчасы Жабык Типтеги Акционердик Коомунун (ЖТАК) 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 282-2 катын кароо жөнүндө.
«ЮКЦ» өнөр аянтчасы Жабык Типтеги Акционердик Коомунун (ЖТАК) 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 282-2- катын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 18-беренесинин 5-пунктуна, 25-беренесинин 1-пунктуна жана 27-беренесинин 1.3-пункттарына ылайык Теөлөс айылдык округунун айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «ЮКЦ» өнөр аянтчасы Жабык Типтеги Акционердик Коомунун (ЖТАК) 2012 - жылдын 26-апрелиндеги № 282-2 каты канаатандырылсын.
2. Теөлөс айылдык округунун Суу-Коробос бөлүмүндөгү №47, 48, 52 контурларынын чыгыш тарабындагы 240.0 метр, №55, 59, 106, 107, 108-жер контурларынын батыш тарабындагы 700.0 метр, № 131, 130, 129, 128-жер контурларынын чыгыш тарабында . 630.0 метр жана № 53-жер контурунунун түштүк тарабындагы 450.0 метр, жалпысы болуп узундугу 2020.0 метр жана туурасы 10.0 метрди түзгөн 2.02 гектарды түзгөн талаа жолун «ЮКЦ» ЖТАК ишканасына технологиялык жол денгээлинде оңдоп пайдалануусу үчүн чектелген мөөнөт менен ижарага ажыратып берилсин.
3. Технологиялык жол куруу үчүн талаа жолун ажыратып берүү боюнча тиешелүү иш чараларды көрүү жагы Төөлөс айылдык округуна тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык Кеңешинин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |