Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-апрели №29-2
Калктуу конуштарга жер участогун менчик же ижарага укуктарын акы төлөө менен берүү боюнча комиссия курамы жана калктуу конуштарга жеке менчик турак үй салуу үчүн жер участогун беүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айылдык округунун адистери иштеп чыгып ордуна башка адистер келгендигине байланыштуу айылдык округунун калктуу конуштарга жер участогун менчик же ижарага укуктарын акы төлөө менен берүү боюнча комиссия курамы жана калктуу конуштарга жеке менчик турак үй салуу үчүн жер участогун берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун Калктуу конуштарга жер участогун менчик жe ижарага укуктарын акы төлөө менен берүү боюнча комиссия курамы жана калктуу конуштарга жеке менчик турак үй салуу үчүн жер участогун берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктооду киргизилсин.
2. Айылдык округунун Калктуу конуштарга жер участогун менчик же ижарага укуктарын акы төлөө менен берүү боюнча комиссия курамы жана калктуу конуштарга жеке менчик турак үй салуу үчүн жер участогун берүү боюнча комиссиянын курамына Айылдык округунун Меркит Муркут айылдарынын айыл башчысы Жолдошов Султан, Айтамга Толман айылдарынын айыл башчысы Дарбишов Анвар, Кеңеш Герейшорон айылдарынын айыл башчысы Арынов Жолчу, Додоң Жайылма айылдарынын айыл башчысы Токуров Кабылдар киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Айылдык кеңешинин «айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |