Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-апрели №29-3
Төөлөс айылдык округунун Торутай бөлүмүнүп тургундарынын Торутай айылынын мазарынын ылдый жагындагы үй салуу үчүн берилген жерлер жагындагы бош калган жерди балдар ойноо үчүн жайкы стадионго ажыратып берүү жана Торутай дыйкан чарбаларына караштуу дымкананын астын кышкы күрөш залы үчүн жана үстү жагын Блиярд жана Макарон чыгаруучу цех куруу үчүн берүү жөнүндөгү 2012-жылдын 8-апрелиндеги №1 протоколун бекитүү жөнүндө.
Төөлөс айылдык округунун Торутай бөлүмүнүн тургундарынын Торутай айылынын мазарынын ылдый жагындагы үй салуу үчүн берилген жерлердин асты жагындагы бош калган жерди балдар ойноо үчүн жайкы стадионго ажыратып берүү жана Торутай дыйкан чарбаларына караштуу дымкананын астын кышкы күрөш залы үчүн жана үстү жагын Блиярд жана Макарон чыгаруучу цех куруу үчүн берүү жөнүндөгү 2012-жылдын 8-апрелиндеги №1 протоколун угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун Торутай бөлүмүнүн тургундарынын 2012-жылдын 8-апрелиндеги №1 протоколу бекитилсин.
2. Берилген жер аянттары боюнча тиешелүү документтерин тактап чечим алып берүү жагы Төөлөс айылдык округунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Айылдык кеңешинин «айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |