Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09-июлу №30-4
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрында шайлоого карата көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесиннн 3-пунктчасын, «Жеpгиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республика Мыйзамынын 10-беренесинин 1,2,4-пунктарын жана Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн айылдык округдун айланасында элдуу пунктардагы калктын саны боюнча 2012-жылдын 1-январына кара та берген маалыматты негизге алып Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрь айында шайлоого карата Төөлөс айылдык окру гунун кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуе Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төөлөс айылдык округунун башчысы А. Баймурзаевага тапшырылсын.
Төөлөс айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Эргешов |