Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-апрели № 20-1
Бел айылдык кеңешинин 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы 2011- 2012- жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө
Айыл округунун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары 2012-жылга социалдык - экономикалык. өнүгүүсүнүн божомолу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (4 чакырылышынын) 20-сессиясыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылда айылдын социалдык - экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында бир топ иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алууда жана өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртуу, эгиндерди которуштуруп айдоо, жер аянттарын кошумча азыктандыруу, өз мөөнүтундө cугат суусу менен камсыздоо, боюнча зарыл чарбаларды кору чарбалык субъектилердин, жер адисинин. айыл башчылардын, суудан пайдалануучулардын бирикмесинин кызматкерлеринин негизги милдети болуп эсептелет.
3. Мал чарбачылыгынын асылдуулугун арттыруу максатында ветеринардык тейлөөнүн абалын жакшыртуу, малды түрдүү ооруларына каршы керектүү ваксиналар менен камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү веет кызматкери К. Сулаймановко жүктөлсүн.
4. Калкты медициналык жактан тейлөөнун сапатын жогорулатуу менен калк арасында жүгүштүү ооруулардын алдын алуу энелердин жана ымыркайлардын набыт болушуна жол бербөө аз кандуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргуүзүү №19,22 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилеринин негизги милдети болуп эсептелет.
5. Калктын коолдого муктаж болгон катмарына тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жолок пулдарын өз мөөнүтүндө берилишине көнүлдүн борборун буру аыйл башчыларга, соц кызматкерине жүктөлсүн.
6. Айыл арасында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстримизге каршы күрөш жүргүзүү коомдук уюмдар менен биргеликте иш алып баруу милициянын участкалык инспекторуна жүктөлүн.
7. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча ар бир чейрек сайын маалымат берип түрүү жагы айыл башчыларына, мектеп директорлоруна, башкы даарыгерлерине тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин түрүктүү комиссияларына тапшырылсын.
Бел кеңешинин айылдык төрагасы |
А. Минбаев |