Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели № XX-2
Бел айылдык кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Бел айылдык кеңешинин 2011-жылдыгы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджети жөнүндө маселени Кыргыз Республикасын 2012-жылга “Республиканын бюджети жөнүндө”мыйзамынын негизинде Бел айылдык кеңешинин 2012- жыл учун иштеп чыгылган бюджетинин доолборун айылдык кеңештин айыл чарбасы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан киргизилген тузоотуулордун негизинде депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (IV- чакырылышынын)- XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жыл учун Бел айылдык кеңешинин бюджетин кирешелери жана чыгашалары 24601,4 мин сом эсебинде бекитилсин.
2. Бел айылдык кеңешинин бюджетин чыгаша болугу 2012- жылга тушкөн кирешелердин жана чыгашалардын чегинде ошону менен биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц казына чегерүү тамак аш жана социалдык жеңилдиктерге ) каржылоосу бекитилсин.
3. Бел айыл кеңешинин 2013- жылдагы бюджети 24660,3 мин сом эсебинде 2014-жылдагы бюджети 24710,4 мин сом менен божомолу белгиленсин.
4. Бел айылдык кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин киреше болугу 20945,2 мин сомго, чыгаша болугу 20907,2 мин сом менен аткарылгандыгы белгиленсин.(тиркеме тиркелет)
5. Бел айылдык округунун бюджетинин 2012- жылдын 1-январына карата калган калдыгы 137,1 сом эсебинде акча каржаты чыгашалар боюнча тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлсүн.(тиркеме тиркелет)
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бел айылдык кеңешинин бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев
|