Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-июлу № 21-2
Борбаш айылындагы бүтпөгөн маданият уйунун имаратын «Каймос» коомдук фонлуна өткөрүп берүү жөнүндө
Бел айыл Округунун Борбаш айылынын Борбаш, Чили-Сай, Кеңеш, Кожомкул, Ээмин, Бештал, Эркин, Бирдик, жана учкун дыйкан чарбаларына тиешелүү болгон маданият уйунун бүтпөгөн курулушу каражат маселеси чечилбей, округ башчыларынын кайдыгер мамилеринен улам аягына чыгарылбай, законсуз сатылып кеткен.
Бирок элдин (мулк ээлеринин), Каймос коомдук фондунун аракети менен чатыры жабылып, ичи жарым жартылай ондолуп спорт зал, китепкана, намазкана жана башка мекемелер жайгаштырылды. Каймос коомдук фонду маданият уйунун курулушун аяктап эл кызматына берүүгө кызыкдар экенин айыл Кеңешине эки жолу жазуу жүзүндө билдирген (тиркелет). Каймос коомдук фондунун мүчөлөрү дагы озубуздун эле Москвада жана айылда иштеген жаштардан турарын жана алар которгон демилге абдан туура экендигин белгилеп айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылындагы маданият уйунун имараты «Каймос» коомдук фондуна өткөрүлсүн.
2. Маданият уйунун имаратын куруу жана пайдаланууну көзөмөлдөө учун жооптуу адамды дайындоо Каймос коомдук фондуна тапшырылсын.
3. Каймос коомдук фондуна:
- Маданият уйунун бош бөлмөлөрү элге кызмат көрсөтүү кызматын уюштурууну каалагандарга акысыз убактылуу болуп берилсин.
- Кызмат көрсөтүүнү каалагандар жумуш орундарын даярдоо иштерин (ремонт, эшик, терезе) өзүнүн эсебинен жургузсун жана өз ишин токтоткон учурда иш бөлмөлөрүн он абалда кайра өткөрүп берсин.
4. Маданият уйунун имараты жалпы элдик менчик болгондуктан сатууга жана менчик болгондуктан сатууга жана менчиктештирүүгө мүмкүн эмес экендиги, ижарага алып иштетүүгө боло тургандыгы элге түшүндүрүлсүн.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев
|