Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-июлу № 21-5
Гранттык каражаттарды жеке ветеринардык адистерге бөлүштүрүү жөнүндө
Айыл жарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун турмушка ашыруу болуму жеке ветеринардык адисстердин ишин колдоо учун товарларды сатып алган. Ал товарларды «Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүсүнүн» долбоорунун гранттык каражатына алган.
Сатылып алынган товарлар окутуу, Консультация жана Инновация борборлорунун сунуштарын эске алуу менен жеке ишкерлик кылган ветеринарларга акысыз болуштурулот. Бел айыл Округунун аймагында «Улан» «ветеринардык сервис» жетекчиси Сулайманов Азамбай, Токур ветсервисинин жетекчиси Орокбаев Токур, «Достук» вет сервисинин жетекчиси Борубаев Жолчу айыл калкынын мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлеп келүүдө. Булардын калктын мал жандыктарын тейлөөдө заманбап жабдуулары жетишпейт. Жабдуулардын жетишсиздиги ветеринардык кызматкерлердин ишине бир топ тоскоолдуктарды алый келүүдө.
Ошондуктан жеке иш кылган ветеринардык кызматкерлерди колдоо максатында.
Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (төртүнчү чакырылышынын) 21-сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл Округунун аймагында калктын мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлөө иштерин жургузуу жактан жеке вет сервистерге («Улан», «Токур», «Достук») «Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөрү» долбоорунун алкагында сатып алынган жабдуулардын, шаймандардын, ветеринардык препараттардын жана атайын кийимдерди жобого ылайык болуштурунун берилсин.
2. Шаймандарды алууга керектулүүчү бардык документтерди даярдап, керектүү адистерге жектирүү жеке вет кызматкерлер Сулаймановго, Орокбаевге, Борубаевге милдеттендирилсин.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев
|