Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 08-февралы № 16-2
Он Эки Бел айыл округунун 2012-жылдын 13- январындагы № 4 токтомун бекитип берүү тууралуу.
Он Эки Бел айылдык округунун аймагындагы Орнок айылынын тургундарынын мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Он Эки Бел айылдык округунун 2012-жылдын 13-январындагы № 4 токтомун айылдык кеңешинин депутаттары кеңири карап жана такуулап Он Эки Бел айылдык кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык округунун 2012-жылдын 13- январындагы № 4 токтому бекитилсин.
2. Он Эки Бел айылдык округунун Орнок айылынын айыл чарба эгиндеринин жер аянттарга эгүү катарына жана которуштуруп айдоо боюнча келечек иш пландарына киргизилбеген жер аянттарынан айыл мечити үчүн 0,15 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Атайын түзүлгөн генпландын негизинде Орнок айылына мечит куруу үчүн тиешелүү архитектуралык документтерди даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура башкармасынан суралсын.
4. Ажыратылып берилген жер аянтына чек араларын тактап юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
5. Айылдык округунун аймагындагы Орнок айылына мечит курууга керектүү иш кагаздарын даярдоо Орнок айылынын айыл башчысчы К.Нурматовго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун жер адиси И.Калмурзаевге тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Мойдинов
|