Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-апрели № 17-1
2011-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын 2011-ж.ж аткарылышы. Социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2012-ж.ж бекитүү. жана 2013-2014-жылга болжолдуу пландары жөнүндө айылдык округунун башчысы Т.Калбаевдин билдирүүсү
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Он Эки Бел айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын 2011-ж.ж аткарылышы. Социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2012-ж.ж бекитүү жана 2013-2014-жьшга болжолдуу пландары жөнүндө айылдык округунун башчысы Т.Калбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Айылдык округунун экономист - статисти М. Жолдошовага:
- айылдык округунун аймагындагы калктын өнөр жай ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, токтоп турган жана иштеп жаткан тегирмендерди туруктуу иштешин камсыз кылуу ошондой эле жаңы кичи кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү боюнча иш чараларды көрүү жагы
Айылдык округунун чарбалык субъектилер менен биргеликте социалдык экономикалык өнүгүү багытында иш чаралар, пландары иштеп чыгуу.
3. Ноокат райондук электр тармактар ишканасынын Он Эки Бел участкалык бөлүмүнүн мастери Салиев Абдималикке:
- айылдык округундагы электро энергиядан болгон дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча айыл башчылар коомдук уюмдар менен биргеликте чечкиндүү иш аракеттерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Айылдык округунун ФЭБ башчысы К. Пармановага:
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана сальнс эмес жыйымдарды жыйноо кошумча киреше булактарын табуу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу, Ноокат райондук статистика бөлүмүнөн каттоодон өткөрүп, салыка тартуу жана 2012-жылга салык жана салык эмес, социалдык төлөмдөрдүн болжолдонгон пландарын аткаруу боюнча катуу көзөмөлгө алуу жагы милдетгендирилсин.
5. Айылдык округунун турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис И.Калмурзаевке:
- 2012-жылдын түшүмү үчүн себилген күздү к кылкандуу дан эгиндеринен мол түшүм алуу максатында агротехникалык эрежелерди туура пайдаланып, жер семирткичтер менен убагында азыктандыруу боюнча дыйкан фермер чарбалардын жетекчилери менен биргеликте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Айылдык округундагы кайра бөлүштүрүү фондунан ижарага жер алып бүгүнкү күнгө чейин ижара акыларын төлөбөй жүргөн ижарачылар менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.
- айылдык округунун чарбалык субъектилер жана ижарачылар менен биргеликте 325 га шарттуу суулуу айдоо жерге 2 (эки) жыл мөөнөт ичинде бак көчөттөрүн отургузуу боюнча иш алып бару жагы жүктөлсүн.
6. Коомдук уюмдарга:
- айылдык округунда милициянын участкалык инспекторлору менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү, айылдар арасында каада салт, үрп адаттарды жайылтуу боюнча ишчаралар алып бару тапшырылсын.
7. Аскердик кызмат жана паспорттук визалык иштер боюнча инспекторлору Жаникулов А :
- жаштарды аскердик патриоттуулака тарбиялоо, аскердик кызматты өтөөлөрүн уюштуруу боюнча конкреттүү иш чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
8. Айылдык окрусуна инвестиция тартуу боюнча жооптуу кызматкери М. Торокелдиевге :
-айылдык округунун 2012-2014-жылдарга өнүгүү стратегиясы боюнча тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуу менен инвестицияларды тартуу багытында иш чараларын алып баруу жагы тапшырылсын.
9. Айылдык округунун вет инспектору ЭрНазаров С.
- айылдык округунун эпозотиялык абалды турукташуу максатында бруцеллезго, сибир жарасына, кутурмага каршы эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча иш чараларды убагында аткаруу жагы милдеттендирилсин.
10. Айылдык округунун жооптуу катчысына У.Сулаймановага :
- Жарандардын арыз даттанууларын өз убагында кароо, жогорку органдардын жана айылдык округунун токтом, буйруктарынын аткарылышы боюнча иштелген иш чаралардын айылдык округунун кызматкерлери тарабынан аткаруучулук жоопкерчиликтерин күчөтүү багытында иш алып баруу жагы тапшырылсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Мойдинов
|