Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-апрели №17-10
Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11 - февралындагы № 21 токтомун бекитип берүү жөнүндө.
Он Эки Бел айылдык округуна караштуу Он Эки бел айылынын 2009- жылдын 2-мартындагы айылдык жамааттын жыйынынын балдар бакчасын уюштуруу үчүн К. Асранов атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтында жайгашкан № 2- корпусун балдар бакчасы үчүн пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндөгү протоколун бекитип берүү жана уюштуруучу Он Эки Бел айылынын тургуну Абдыкаимова Бузайнаптин арызын жана Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11- февралындагы № 21 токтомун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25,32, 68- беренелеринин негизинде Он Эки Бел айьшдык округдук кеңешинин он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11- февралындагы № 21 токтому бекитилсин.
2. Он Эки Бел айылдык округуна караштуу Он Эки Бел айылынын К. Асранов атындагы орто мектебинин окуу имаратынын № 2- корпусун максаттуу багыты балдар бакчасын уюштуруу үчүн өзгөртүлсүн.
3. Балдар бакчасын уюштуруу үчүн керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдап каттоодон өткөрүү жагы уюштуруучу Б. Абдыкаимовага милдеттендирилсин.
4. Жаңы ачылып жаткан балдар бакчасынын уюштуруу үчүн берилген имараттын капиталдык ремонту жана инвентарларга керектелүүчү каражаттарга проекте көрсөтүлгөн акча каражатынын 10 пайызын жергиликтүү бюджеттин кошумча булактарынан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен жергиликтүү салым бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын Он Эки Бел айылдык округунун башчысы Т. Калбаевке тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Мойдинов
|