Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 07-июлу № 18-3
Он Эки Бел айылдык кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукцион жолу менен сатуу, ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 29- июнундагы № 2- протоколу, Он Эки Бел айылдык округунун 2-июль 2012-жылдын №77 токтому жөнүндө.
Он Эки Бел айылдык округунун Он Эки Бел айылынын айыл аксакалдарынын суранычынын негизинде ушул эле айылдын тургуну Мойдунов Алтынбек айыл аксакалдары үчүн өз каражатынын эсебинен «Аталар үйүн» куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү арызын Он Эки Бел айылдык кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 29- июнундагы № 2- протоколун, Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 2-июлундагы №77 токтомун карап чыгып кеңири талкуулап ошондой эле айыл-айылдарда айыл аксакалдарынын угут- насаат иштерин жандандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25 - статьясына таянып Он Эки Бел айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукцион жолу менен сатуу, ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2012-жылдын 29- июнундагы № 2- протоколу жана Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 2-июлундагы №77 токтому бекитилсин.
2. Он Эки Бел айылдык округунун Он Эки Бел айылынан айыл- чарба эгиндерин жер аянттарга эгуу катарына жана которуштуруп айдоо боюнча келечек иш пландарына киргизилбеген жер аянтарынан Он Эки Бел айылына « Аталар үйүн» куруу үчүн 0,15 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылып берилген жер аянтына болгон юридикалык иш кагаздарын Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен, Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан мыйзам чегинде каттоодон өткөрүү жана жерге болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөп туруу Он Эки Бел айылынын тургуну Мойдунов Мендибайга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы айылдык округунун жер адиси И. Калмурзаевке жүктөлсүн.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Мойдинов
|