Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 20-апрели № XXVII-3
Кара-Таш айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө.
Кара-Таш айылдык округунун депутаттарынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын заседаниясы айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү өзгөрүүлөрдү киргизип, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылга бюджети бекитилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыт мыйзамынын негизинде иш жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|