Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 20-апрели № XXVII-5
Кара-Таш айылдык кеңешинин Гараж участкасынын айыл чарбасына ыңгайсыз жер аянтынан «ЭУМ» жабык типтеги акционердик коомуна айыл-чарба мөмө-жемиштерин кайра иштетип сок чыгаруучу цех куруу үчүн жер аянтын берүү боюнча жазган каты жөнүндө.
Кара-Таш айылдык кеңешинин Гараж участкасынын айыл чарбасына ыңгайсыз жер аянтынан «ЭУМ» жабык типтеги акционердик коомуна айыл-чарба мөмө-жемиштерин кайра иштетип сок чыгаруучу цех куруу үчүн жер аянтын берүү боюнча «ЭУМ» ишканасынын жетекчилигинин жазган катын карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык кеңешинин Гараж участкасынын айыл чарбасына ыңгайсыз жер аянтынан «ЭУМ» жабык типтеги акционердик коомуна айыл-чарба мөмө-жемиштерин кайра иштетип сок чыгаруучу цех куруу үчүн жер аянтын берүү боюнча жазган каты канааттандырылсын.
2. «ЭУМ» жабык типтеги акционердик коомуна айыл-чарба мөмө-жемиштерин кайра иштетип сок чыгаруучу цех куруу үчүн жер аянтынан 0,40 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Кара-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы Гараж участкасынын айыл чарбасына ыңгайсыз жер аянтынан 0,40 га жер аянтын баалап «ЭУМ» жабык типтеги акционердик коомуна сатууга даярдоо жагы көз карандысыз «ЮРКЕН» юридикалык баалоо корпорациясынан суралсын.
4. Кайра иштетүүчү кичи ишканадан төлөнүүчү салыктарды айылдык округуна мөөнөтүнөн төлөп туруу жагы «ЭУМ» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.С.Тагаевке милдеттендирилсин.
5. Чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|