Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-апрели № XXVII/7
Кара-Таш айылдык кеңешинин Нойгу айылындагы «Мырза- Гапаров» атындагы эс алуу багынан (ПАРКтын жеринен) МЕГАКОМ компаниясына антенна куруу үчүн ижарага жер аянтын берүү жөнүндө.
Кара- Таш айылдык кеңешинин Нойгу айылындагы «Мырза- Гапаров» атындагы эс алуу багынан (ПАРКтын жеринен) МЕГАКОМ компаниясына антенна куруу үчүн ижарага 20 м*2 (жыйырма метр квадрат) жер аянтын берүү, айылдык округунун бюджетин ошондой эле калктын уюлдук байланышынын сапатын жогорулатуу максатында карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кара- Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛА:
1. Кара- Таш айылдык кеңешинин Нойгу айылындагы «Мырза- Гапаров» атындагы эс алуу багынан (ПАРКтын жеринен) МЕГАКОМ компаниясына антенна куруу үчүн ижарага 20 м2 (жыйырма метр квадрат) жер аянты берилсин.
2. Ижарага берилген жер аянтынын ижара акысы айына 5000 (Беш мин) сом өлчөмүндө жылына 60000 (Алтымыш миң) сом сомго бекитилсин.
3. Бекитилген ижара акыны мөөнөтүндө эесптешип бюджетке чегерүү жагы айылдык округуна милдетендирилсин.
4. Ижарага берилген жер аянтын тактап иш кагаздарын даярдоо, келишим түзүү жагы айылдык округуна милдеттендирилсин.
5. Чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|