Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-апрели № XXVII/8
Ноокат билимканасынын муталимдеринин жана Кара-Таш айылынын тургундарынын арыздары жөнүндө.
Ноокат билимканасынын жана Кара-Таш айылынын тургундарынын арыздарын айылдык округдун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринии жана айыл башчыларынын катышуусу менен айылдык округдун атайын комиссиясында алдын ала такталгандыгы жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо заседаниесинде каралып, алымча кошумчалар менен такталгандыгын эске алып депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы Ноокат билимканасыныи жаңы имаратын куруу үчүн К. Жунусов орто мектебинин жер аянтынан 0.70 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Ноокат билимканасынын азыркы окуу корпусу, жер аянты менен жаңы имарат курулуп бүткөндөн кийин К. Жунусов атындагы орто мектебине өткөрүлүп берилсин. Ал эми жатакананын эски имаратыны көз карандысыз баалоочулар менен бааланып айылдык округу тарабынан аукциондо сатылып түшкөн акчаны Ноокат билимканасынын курулушуна жана керектөөсүнө жумшоо айыл округуна сунушталсын. Жатакананын имаратынын ордуна бала бакча куруу жагы айылдык округунун жетекчилигине жана Ноокат билимканасына сунушталсын.
3. Жер аянттарын тактап маселелерди мыйзам чегинде чечип ушул токтомду бекитип берүү жагы айылдык округуна сунушталсын.
4. Ноокат билимканасынын жаны имаратынын курулуштарынын ишкагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулуш архитектура башкармалыгынан райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
5. Бөлүнгөн жердин чиймеси токтомго кошо тиркелсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл-чарба жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|