Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-апрели № XXVII/10
Кара- Таш айылдык кеңешинин аймагындагы мектептердин айланасындагы айылдык округунун башкы Токтогул көчөсүнө мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн ылдамдыктарды төмөндөтүүчү тоскоолдуктарды жолго жаткыруу жөнүндө.
Кара- Таш айылдык кеңешинин аймагындагы мектептердин айланасындагы айылдык округунун башкы Токтогул көчөсүнө мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн ылдамдыктарды төмөндөтүүчү тоскоолдуктарды жолго жаткыруу жөнүндөгү мектеп директору А. Бөрүбаевдин сунушун карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Таш айылдык кеңешинин аймагындагы мектептердин айланасындагы айылдык округундагы башкы Токтогул көчөсүнө мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн ылдамдыктарды төмөндөтүүчү тоскоолдуктарды жолго жаткыруу жөнүндөгү А. Бөрүбаевдин сунушу канааттандырылсын.
2. Кара- Таш айылдык кеңешинин аймагындагы мектептердин айланасындагы айылдык округундагы башкы Токтогул көчөсүнө мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн ылдамдыктарды төмөндөтүүчү тоскоолдуктарды жолго жаткырууга уруксат берүү жагы Ноокат районунун аймагындагы № 37 ДЭП (жол эксплуатациялоо бөлүмүнөн), Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмүнөн суралсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин жол, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|