Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № XXVIII-1
Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы Чечме-Сайдагы шагал чогулуп калган сайдын ичиндеги жерлерди ижарага берүү жөнүндө.
Кара-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы Чечме-Сайдын ичиндеги сел келгенде чогулуп калган шагалдарды тазалоо үчүн айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылынын тургуну Молдобаев Абдизаир Жамантаевичтин арызы канааттандырылсын.
2. Кара-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы Чечме-Сай бөлүмүнүн тургуну Эрдошовтордин үйүнө өткөн көпүрөдөн тартып Кулаган ташка чейинки сел жүрүп. бузулган сай жана селден бузулган жолду ондоо үчүн шагыл таш сатууга (карьера катары) Кара-Таш айылынын тургуну Молдобаев Абдизаир Жамантаевичке 7 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
3. Молдобаев А.Ж.га Чечме-Сайдагы сел алган жолдорду ондоо, сел жүргөн сайдын четине селден коргонуу иштерин жүргүзүү жана оз убагында жыл сайын ижара акысын төлөп туруу тапшырылсын. -
4. Ижара акысы ар жылына 2500 (эки миң беш жүз) сомдон төлөнүп турулсун.
5. Кара-Таш айылына караштуу Чечме-Сай бөлүмүндө жашаган тургундарга Молдобаев Абдизаир Жамантаевич маала комитети болуп дайындалсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|