Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12 июлу № XXX-1
Кара-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы жарандар мектептердин жаңы окуу жылына жана 2012-2013-жылдарга күз-кыш айларына даярдык көрүү жөнүндө.
Кара-таш айылдык округунун депутаттарынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын заседаниясы айылдык кеңештин аймагындагы мектептердин жаңы окуу жылына жана күз-кыш айларын даярдыктарын көрүп чыгып депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-таш айылдык кеңешинин аймагындагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктарды канааттандырарлык деп белгиленсин:
-2012-2013-жылдарга күз-кыш айларына даярдык көрүүнү күчөтүү мектеп директорлоруна тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|