Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12 июлу № XXX-2
Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы шоферлордун айылдын тургундарынын арызы жөнүндө.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын заседаниеси Кара-Таш айылынын тургундарынын 2011-жылдын 14-ноябрындагы №111/28 арызын көрүп чыгып тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылындагы айдоочулар менен айылдын тургундарынын 2011-жылдын 24-ноябрдагы №Ш/82 арызы канаттандырылсын.
2. Кара-Таш айылындагы Капка сайдагы айлампадан күн чыгышты карай Кыргыз-Ага дарыясына чейинки аралыктагы Токтогул көчөсү Тагаев Султан атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
3. Тагаев Султан атындагы көчөнүн бузулган жерлерин калыбына келтирүү жана оңдоо кароо иштери Тагаевдерге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө транспорт курулуш өнөр-жай кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|