Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12 июлу № XXX-3
Кара-Таш айылдык округунун 2012-жылга бекитилген бюждетинин керектелүүчү акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө.
Кара-Таш айылдык округунун 2012-жылга жолдорду оңдоого өзгөчө кырдаалды калыбына келтирүүгө аз акча каражаты каралып калгандыгына жана 2012-жылдын аба-ырайы катал келгендигине сел ташкындарынан Кандын-Кызы селканасын тазалап элди сакгоого жана Капка сел канасынан чыккан сел кетүүчү каналды оңдоп түзөтүү үчүн Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык округунун 2012-жылга жолдорду ондоого өзгөчө кырдаалды калыбына келтирүүгө аз акча каражаты каралып калгандыгына жана 2012-жылдын аба-ырайы катал келгендигине, сел ташкындарынан Кандын-Кызы селканасын тазалап, элди сактоого жана Капка сел канасынан чыккан сел кетүүчү каналды оңдоп түзөтүү үчүн.
Кара-Таш айылдык кеңешинин айылдык округунун бюжетинен башка чыгымдарынан кыскартылып 3000 миң сом акча каражаты жумшалсын.
2. Чечме-Сай сел канасынан түшкөн сел кетүүчү каналды калыбыпа келтирүү үчүн. Kыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 94 тонна цемент алуу үчүн Кызыл-Кыя шаарындагы ЮЖЦ цемент заводунан цемент алууга 540500.0 сом акча каражаты которулуп берилсин.
3. Акча каражатын максатуу пайдалануу айыл өкмөтунун ФЭБ бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|