Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12 июлу № XXX-9
Кара- Таш айылдык округунун аймагын инвестиция тартууну колдоо жөнүнүдө.
Кара- Таш айылдык кеңешинин айылдык округунун инфраструктурасы көтөрүү жана айылдык округунун аймагына инвестиция тартууну күчөтүү максатында айылдык окргунун сунушун карап чыгып жана талкуулап депутаттардын Кара- Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара - Таш айылдык округунун аймагындагы «Эмирлан» балдар бакчасынын чатырын жана полунун ремонтуна 104500 (Бир жүз төрт миң беш жүз) сом, «К. Жунусов» атындагы орто мектебинин полунун капиталдык ремонтуна 127200 (Бир жүз жыйырма жети миң эки жүз) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айылдык округунун ФЭБ бөлүмүнө берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара Таш айылдык кеңешинин бюджет соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н. Тажибаева
|