Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11 – апрели № 3
Жаңы-Алай айыл округунун 2012-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кабыл алуу, 2013-2014-2015- жылдардын бюджетинин долбоорун белгилөө жөнүндө.
Жаңы-Алай айыл округунун пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл округ боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2012-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн кабыл алуу, 2013-2014-2015-жылдардын бюджеттин долбоорун бекитүү үчүн айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Алай айылдык округунун 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү -9156,6 миң сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү -9156,6 миң сомго кабыл алынсын.
2. 2012-жылга эмгек акы төлөөгө түзүлгөн тарификациялар бекитилсин, жана төлөнүп берилсин. Аскер кызматын эсепке алуу инспекторуна 0,5 штат бирдиги тарификацияга киргизилип, төлөнүп берилсин.
3. Жаңы-Алай айылдык округунун 2013-жылга бюджетинин киреше чыгаша бөлүгүнүн долбоору - 9170,5 миң сомго, 2014-жылга бюджетинин киреше чыгаша бөлүгүнүн добоору -9192,9 миң сомго белгиленсин.
4. Айылдык округдун 2012-жылга бюджеттин карап кабыл алуу, 2013-2014-2015-жылдардын бюджетин долбоорун белгилөө, эсепти сапаттуу түзүү жана так аткарылышын камсыз кылуу пландоо жана бюджер социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына, айылдык округунун башчысы М. Абдылдаевге К.Э.Бнын башчысы Н. Нуридиновго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык округунун кеңешинин төрагасы
|
А. Исмаилов. |