Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11 – апрели № 4
Жаңы-Алай айыл округунда 2005-2011-жылдар ичинде курулган, кап.ремонт болгон объектилердин кириштелишин отчеттуулугун кароо.
Жаңы-Алай айылдык округунун Кеңешинин пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык боюнча туруктуу комиссиясы менен айыл округ тарабынан түзүлгөн комиссия бирдикте 2005-жылдан 2011-жылдары мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан курулган, капиталдык ремонттон өткөн социалдык жана башка объекти, мүлктөрдүн кириштелиши боюнча карап чыккандагы маалыматты, талкуулап айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2005-2011-жылдары мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан курулган, капиталыдк ремонттон өткөн социалдык жана башка объекти мүлктөр толук кирештелгендиги жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын план, бюджет жана социалдык-экономикалык туруктуу комиссиясы көзөмөлдөсүн. Негизги каражаттарды кап.ремонттон өткөн объектилерди кириштөө, отчеттуулугуна жооп берүүнү айыл Өкмөтүнүн башчысы М. Абдылдаевге К.Э.Б нын башчысы Н. Нуридиновго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык округунун кеңешинин төрагасы
|
А. Исмаилов. |