Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 07-февралы №XVII-1
Найман поселкалык Округунда Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашырууда көмөк көрсөтүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган, Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан займ алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоонун долбоорун ишке ашыруу үчүн займ-жеңилдетилген кредит келишимин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 565 токтому жана Найман поселкалык Округунун 2012-жылдын 7-февралындагы №2 токтомунун аткарылышына көмөк көрсөтүү максатында Найман поселкалык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман поселкалык Округунун 2012-жылдын 7-февралындагы № 2 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Найман поселкалык Округундагы Улуу Too айылынын аймагында 17 таяныч столбалары (57, 61, 62, 63,64,70,71,83,84,85,86,87,88,89,90,91,92) 2529,057 м2 жер аянты «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомуна кайтарымсыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Депутаттарыдын Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
Найман поселкалык кеңешинин төрайымы |
Сапарова Ш. |