Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-апрели №XIX-4
Найман поселкалык Округундагы салык жана жыйымдар боюнча Кыгыз Республикасынын Салык Кодексинин киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрымдарын колдонууга киргизүү жана поселкалык Округдун жашоочуларынын жеңилдик алуучулар жөнүндө.
Найман поселкалык Окрундагы жашоочуларына салыктар жана жыйымдар боюнча жеңилдик алуучу үй-бүлөлөрүн карап жана талкуулап Найман поселкалык Кеңеши
TOKTOM КЫЛАТ:
1. Найман поселкалык Округдун аймагындагы кожолуктардын тамарка жерлерине салык төлөөнү бир сотигине 10 (он сом) ал эми таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салыгы 75 (жетимиш беш сом) бөлүп бекитилсин.
2. Найман поселкалык Округундагы жеңилдик алуучу кожолуктары;
- таштандыны ташып чыгаруудан алуучу салыктан бошотулган кожолуктардын саны 14 (он торт) суммасы 1050 сом;
- 8 сотигине чеинки тамарка салыгынан бошотулган көп балалуу үй-бүлөө 22 кожолук суммасы 1740 сом ;
- I-II топтогу майыптар 26 кожолук суммасы 1870 сом
- пенсионерлер 74 кожолук суммасы 5790 сом,, жалпы тамарка салыктарына жеңилдик берилген суммасы 9400 сомду түзөт.
2012-жыл үчүн салыктар жана жыйымдардан жеңилдик алуучу 136 кожолук суммасы 10450 сом салык төлөмүнөн бошотулсун. (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Найман поселкалык Округунун салык жана жыйымдар адисине жана финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман поселкалык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман поселкалык кеңешинин төрайымы |
Ш. Сапарова |