Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-майы №XX-1
Найман айыл өкмөтүндөгү бюджеттик мекемелерине 2011-2012-жылдарга ичилүүчү суусуна карыз акча каражатты бөлүү жөнүндө.
Найман айыл өкмөтүндөгү мектептердин жана балдар бакчасынын ичилүүчү суусуна 2011-2012-жылдарга карыз акча каражаттын жергиликтүү бюджеттен ОсОО "Чайташ" ишканасына бөлүү максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүндөгү бюджеттик мекемелердин 2011-2012-жылдарга ичилүүчү суусуна жергиликтүү бюджеттен 138,800 сом акча каражаты ОсОО "Чайташ" ишканасына бөлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражатты бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматисаевге милдетендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрайымы |
Сапарова Ш. |