Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09-июну №ХХI-1
Найман шаар тибиндеги поселкасын айыл тибине өзгөртүү жөнүндө.
Найман шаар тибиндеги поселкасын айыл тибине өзгөртүү тууралу 2012-жылдын 23-майындагы Найман жана Улуу-Тоо айылдарынын элдеринин катышуусунда өткөрүлгөн элдик жыйындын № 2-протоколу менен кабыл алынган токтомун бекитүү максатында Найман поселкалык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман шаар тибиндеги поселкасын айыл тибине өзгөртүү тууралу 2012-жылдын 23-майындагы Найман жана Улуу-Тоо айылдарынын элдеринин катышуусунда өткөрүлгөн элдик жыйындын № 2-протоколу менен кабыл алынган токтом колдоого алынсын жана кубатталсын.
2. Ушул токтомдун негизинде Найман шаар тибиндеги поселкасын айылтибине өзгөртүү тууралуу Ош областтык мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө Найман поселкалык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрайымы |
Сапарова Ш. |