Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 06-июлу № XXII-1
Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрь айында шайлоого карата көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнөндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 23-беренесинин 3-пунктчасын, "Жергиликтүү Кеңештердин шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-берененсинин 1,2,3-пунктарын жана Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдүү пункттардагы калктын саны боюнча 2012-жылдын 1-январына карата берген маалыматын негизге алып Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрь шайлоого карата Найман айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Найман айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунушу Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун өз дарегине жетишин камсыз кылуу жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловго тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрайымы |
Сапарова Ш. |