Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы №22-3
Көк-Жар айылдык округунун башчысы Б.Сатыбалдыевдин жазган сунуш катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айылдык округуна караштуу Алашан айылындагы Абшыр-Сай дарыясынын жээгинен асфальт аралашмасын чыгаруучу завод (АБЗ) жана таш майдалоочу механизм (КДУ) курууга жана карьер үчүн Көк-Жар айылдык округунун башчысы Б.Сатыбалдыевдин 2012-жылдын 11-январындагы жазган сунуш катын кароодо, Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, курулуш, кайра иштетүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жылдын 16-январындагы № 4-заседаниссиннн протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык округунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округуна караштуу Алашан айылындагы Абшыр-Сай дарыясынын жээгинен асфальт аралашмасын чыгаруучу завод (АБЗ) жана таш майдалоочу механизм (КДУ) жайгаштыруу үчүн 0,50га, ал эми карьер үчүн 1,0 га жалпысы болуп 1,5 га жер аянты эки тараптын келишиминин негизинде ижарага убактылуу пайдалануу үчүн мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин.
2. Көк-Жар айылдык округуна караштуу Алашан айылындагы Абшыр-Сай дарыясынын жээгинен бөлүнгөн 1,5га жер аянтынын чек арасын тиешелүү адистер менен биргеликте аныктап, тактап аны мыйзамдаштырууда жоопкерчилик жагы Көк-Жар айылдык округунун жер боюнча жетектөөчү адиси А.Ташевге жана Алашан айылынын айыл башчысы М.Калматовдорго милдеттендирилсин.
3. Карьер, асфальт аралашмасын чыгаруучу завод (АБЗ) жана таш майдалоочу механизм (КДУ ) жайгаштыруу үчүн Көк-Жар айылдык округунун башчысы Б.Сатыбалдыев менен куруучунун ортосунда тиешелүү шарттарды коюу менен убактылуу пайдалануу үчүн, ижара келишими түзүлсүн.
4. Карьер асфальт аралашмасын чыгаруучу завод (АБЗ) жана таш майдалоочу механизм (КДУ ) жайгаштыруу үчүн Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыктарынан тиешелүү юридикалык иш кагаздарын бүткөрүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде иш алып барууда жоопкерчилик экинчи тарапка же башкача айтканда асфальт аралашмасын чыгаруучу заводдун жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун жалпы аткарылышынын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык округунун башчысы Б.Сатыбалдыевге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо, курулуш, кайра иштетүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сатаровго жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Исраилов
|