Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №23-1
Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы "Тешик-Таш" ИСКАКБнын жана жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы "Тешик- Таш" ИСКАКБнын 2011-жылда аткарган иштери тууралуу анын жетекчиси А.Жаяевдин отчетун, 2012-жылга бюджетинин долбоорун жана жайыт комитетинин төрагасы А.Карабаевдин 2012-жыл үчүн түзгөн бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тешик-Таш" ИСКАБнын жегекчиси А Жаяевдин 2011-жылда элди таза суу менен камсыз кылууда aткарган иштери кaнaaтандырарлык деп табылсын.
2. "Тешик-Таш" ИСКАКБнын 2012-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1415278 (бир млн. төрт жүз он беш миң эки жүз жетимиш сегиз) сом болуп бекитилсин.
3. Көк-Жар жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 331021 (үч жүз отуз бир миң жыйырма бир) сом,чыгаша бөлүгү 331027(үч жүз отуз бир миң жыйырма жети )сом болуп бекитилсин.
4. Жогоруда бекитилген бюджеттердин мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу "Тешик-Таш" ИСКАКБнын жетекчиси А Жаяевге жана жайыт комитетинин төрагасы А.Карабаевдерге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Көк-жар айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Козуев
|