Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №23-2
Айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын аткарган иштери жана айылдык кеңештин, туруктуу комиссиялардын 2012-жыл үчүн иш-пландарын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ташматовдун 2011-жылда аткарган иштери тууралуу отчетун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын 2012-жыл үчүн түзгөн иш-пландарын карап чыгып депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим беруу, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ташматовдун 2011-жылда аткарган иштери тууралуу отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2012-жыл үчүн иш пландары бекитилсин.
3. Бекитилген иш пландын аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Козуев
|